Жаңылыктар
АКШ президенти Дональд Трампты актоо иши жүрүүдө
Дүйнө
АКШ президенти Дональд Трампты актоо иши жүрүүдө

АКШ президенти Дональд Трамптын адвокаты Руди Жулиани Будапешт, Вена жана Киевге жасаган сапарлары учурунда президенттин күнөөсүз экенин далилдеген күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн жана документтерин топтоп келгенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты. Анда, жактоочу Жулиани ишинин жыйынттыктарын “Твиттерге” жарыялап турууга убада берди. Азырынча анын баракчасында республикалык One America Network телеканалы үчүн тартылган даректүү тасмалардан бир нече ролик жарыяланган. 

Видеолордун биринде Украинанын мурдагы башкы прокурору Виктор Шокин маек берип, АКШнын мурдагы вице-президенти Жо Байден уулунун ишмердүүлүгүн иликтөөгө жолтоо болуу үчүн аны отставкага кетиртүүгө аракет жасаганын айткан. Шокин аны ууландыруу аракети да болгонун кошумчалаган. Импичмент ишинде күбө катары көрсөтмө берген америкалык мамлекеттик кызматкерлер Трамптын Украинадагы саясатынын калыптанышында Жулианинин ролу чоң экенин белгилешкен.

Кененирээк аудиодон укса болот.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"