Жаңылыктар
Улуу Ата Мекендик согуш: кыргыз аскерлеринин элесине арналган эстелик тургузулат
Маданият
Улуу Ата Мекендик согуш: кыргыз аскерлеринин элесине арналган эстелик тургузулат

Вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылына даярдык көрүү максатында Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Константин Чуйченко менен Москвада жолугушту. Анын алкагында россиялык тарапка иш-чаралардын консолидацияланган планынын долбоору берилип, негизги пункттар талкууланды. 

Анын ичинде Кайчылаш жылдын ачылыш салтанатын өткөрүү, ага эки мамлекеттин башчыларынын катышуусу, Ржева шаарында 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон кыргызстандык аскерлердин элесине арналган эстеликти тургузуу жана башка иш-чаралар каралган. 10 жылдан бери өткөрүлө элек мындай мамлекеттик деңгээлдеги саамалыкты даярдоо маселелери эки өлкөнүн маданият министрлеринин деңгээлинде да талкууланды. 

Кененирээк аудиодон укса болот.

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"