Жаңылыктар
Дыйкандарга сокку урган аткезчилик
Айыл чарба
Дыйкандарга сокку урган аткезчилик

Жашылча жемиштердин аткезчилик жол менен сырттан ири өлчөмдө ташылышы жергиликтүү ишкерлерге катуу сокку урууда. Мындай оюн Кыргызстандын күнөсканалар бирлигинин жетекчиси Сыргак Токталиев билдирди. 

Анын айтымында, өзгөчө күнөсканада помидор менен бадыраң өстүргөн дыйкандардын эмгеги акталбай калууда. Себеби базарда сатылган помидор, бадыраңдар аткезчилик жол менен Кытайдан, Өзбекстандан арзан баада ташылат. 

Мындай болгондо жашылчаларга баалар да төмөндөп, күнөскана ишкерчилиги жапа чегүүдө. Мындан улам күнөскана иштеткен ишкерлер тийешелүү мамлекеттик мекемелер бул багытта чараларды көрүүнү сунуштады.