Жаңылыктар
Мыйзамсыз курулган үйлөр камсыздандырылбайт
Кыргызстан жаңылыктары
Мыйзамсыз курулган үйлөр камсыздандырылбайт

Мыйзамсыз курулган үйлөр камсыздандырылбайт  жана  жаратылыш кырсыгында зыянга учуруган шартта компенсация  төлөнбөйт. Турак-жайды милдеттүү камсыздандыруунун жол жоболорун билбегендер дагы деле арбын. Мыйзам күчүнө киргенден бери миңден ашык полис таратылды.

Турак -жайды камсыздандыруу мыйзамы  күчүнө киргенден тарта  “Биринчи радиого” анын жол-жоболорун сурап кайрылгандар көбөйүүдө. Алардын катарында Кадамжай районунун  Кызыл-Кыштак айылынын  тургуну  Келдибек Маматкулов  бар.

Жыл сайын өлкөнүн ар кайсы аймактарында болгон табигат кырсыктары мамлекетке миллиондогон чыгымдарды алып келүүдө. Мындан улам  өкмөткө да жарандарга да ыңгайлуу мыйзам кабыл алынып, ал күчүнө кирди. Андан бери 3 ай аралыгында дубандарда камсыздандыруу  компаниясынын  филиалдары ачылып,  1000ден ашык полистер таратылып берилди.

 Акыркы айлардагы табигат кырсыктарынын көбөйүүсү турак-жайларды камсыздандыруу зарылчыгын пайда кылды. Ошол эле учурда үйлөрүн кооптуу, тыюу салынган  аймактарга куруп алып  жашагандар да бар. Курулуш талаптарын эске албагандарга  компенсация  төлөбөш керек  деген сунушун  Талас облусунун тургуну Кеңешбек Байышов айтат.

Турак-жайды милдеттүү  камсыздандыруу мыйзамы жарандардын коопсуздугун сактоого багытталган. Тобокелдиктер бар учурда камсыздандыруу зарыл маселе дешет  адистер. Бирок, мыйзамсыз курулган турак-үйлөр камсыздандырылбайт жана  компенсация да төлөнбөй  тургандыгын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов эске салат.

Кошумчалай кетсек, жарандар турак-жайларын  Мамлекеттик камсыздандыруу уюму менен же жеке камсыздандыруучу компаниялар  аркылуу камсыздай алат. Мындан “Айыл Банк” “РСК” “Банк Компаньон” “Коммерциялык Банк Кыргызстан” жана “Кыргыз почтасы” аркылуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму келишим түзө алат.

Г. Усенова, “Биринчи радио”