Жаңылыктар
Эр-Рияд шаарында Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты ачылды
Саясат
Эр-Рияд шаарында Кыргызстан элчилигинин жаңы имараты ачылды

Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы Элчилигинин имараттарынын жаңы комплекси Президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда ачылды. Ачылыш аземине Эр-Рияддын Губернатору, Ханзаада Фейсал Бин Бандар аль Сауд, Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Сауд Арабиясында жашаган мекендештер катышты. Улуттук гимндин коштоосунда Кыргызстандын туусу салтанаттуу көтөрүлдү. Президент бул Элчилик эки өлкөнү байланыштырган көпүрө гана эмес, бекем өнөктөштүктүн далили экенин белгиледи. "Тарыхый булактарга ылайык, байыркы араб саякатчылары миң жыл мурда кыргыз эли жана анын жерлери жөнүндө жазууларды калтырышкан. Демек, бул эки элдин ортосундагы байланыш байыртадан бери болгонун далилдеп турат», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Сауд Арабиясы араб өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргызстандын көз карандысыздыгын таанып, дипломатиялык мамилелерди орнотконун эске салды. Учурдан пайдаланып, эки Ыйык Мечиттин камкорчусу, Сауд Арабиясынын Королуна эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө кошкон чоң салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал анын расмий сапары өлкөлөр ортосундагы мамилелердин артышына жана алардын өнүгүшүнө көмөктөшөрүнө ишеним билдирди.