Жаңылыктар
Президент Сауд Арабиясында жашаган мекендештер менен жолугушту
Мекендештер
Президент Сауд Арабиясында жашаган мекендештер менен жолугушту

Президент Сооронбай Жээнбеков Эр-Рияд шаарында Сауд Арабия Королдугунда жашап иштеген мекендештер менен жолугушту. Мамлекет башчысы мекендештерди элчиликтин жаңы имаратынын ачылышы менен куттуктап, чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар менен жолугушканына кубанычта экенин белгиледи. Ал расмий визиттин алкагында Сауд Арабиясы менен жогорку деңгээлде сүйлөшүүлөр орун алганын баса белгиледи. 

Алардын топтогон тажрыйбасы жана билими өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошуу үчүн пайдалуу болооруна ишенимин билдирди. Мекендештер өлкөнүн тышкы карызы, туризм, билим берүү, визалык процедураларды жөнөкөйлөштүрүү жана башка суроолорду беришти. Аларды кызыктырган суроолорго Президент Сооронбай Жээнбеков жана Кыргызстандын расмий делегациясынын мүчөлөрү жооп беришти.