Жаңылыктар
Ысык-Ата районунан героиндин ири партиясы табылды
Кылмыш
Ысык-Ата районунан героиндин ири партиясы табылды

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда героиндин ири партиясы табылды. Бул тууралуу Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызыматынан билдиришти. Буга чейин жарандын баңгизатын сатып өткөрүп жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. 11-декабрда стационардык жайдан милиция унааны токтотуп, текшерүүгө алган. Унааны башкарып бара жаткан 33 жаштагы жарандын баштыгынан 6 килограмм 140 грамм героин табылган. 

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 13-декабрда тартип сакчылары Баткен облусунда баңгизатын сатып өткөрүүчү туруктуу каналдын уюштуруучусун кармашты. Шектүүлөр тергөө абагына киргизилди», — деп айтылат маалыматта.