Жаңылыктар
Хабаровскте мигранттарды сабагандар мыйзам алдында тиешелүү жазасын алышат
Мекендештер
Хабаровскте мигранттарды сабагандар мыйзам алдында тиешелүү жазасын алышат

Хабаровскте эмгек мигранттарын сабаган атайын даярдыктагы түзүмдүн кызматкерлери мыйзам алдында жооп берет. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иши жүрүүдө. Кечээ Тышкы иштер министрлигине россиялык дипломат чакыртылды.

Хабаровск шаарындагы кыргызстандыктардын катуу сабалышынан улам,Тышкы иштер министрлигине Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери чакыртылды. Кыргыз тарап укук коргоочулардын мыйзамсыз иш аракеттерин айыптайт. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги бул иштин дыкат иликтенип, бардык күнөөлүүлөр мыйзам алдында жооп бериши керек экенин талап кылды. Өз кезегинде, россиялык дипломат окуя боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталганын билдирди. Ал эми Кыргызстандын Россиядагы элчилиги бул окуяны өз көзмөлүнө алды.

Эске сала кетсек, окуя 12-декабрда болгон. Мекендештердин билдирүүсүндө, ошол күнү автостанцияга кечке маал ОМОНдор келип, айдоочуларды күчтөп автобуска салып, миграциялык кызматтын мекемесина алып барган. Алдын ала видео камералардын бетин скотчтоп, мигранттарды катуу ур-токмокко алган.Ошондой эле, миграциялык карталары менен каттоо баракчаларын кыйнап жегизген. Мындай чектен ашкан мазактоо 3 саатка созулган.

Жабыр тарткан 80дей адам Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын жарандары. Россиянын Ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой министрликтин бардык кызматкерлери менен жыйын өткөрүп, мындай мыйзам бузууларга жол бербөө керек экенин эскертти. Ал ошондой эле, бул ишке күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө мыйзам алдында тиешелүү жазасын аларын баса белгиледи.