Жаңылыктар
Ажылыкка электрондук каттоо 16-декабрда башталды
Дин
Ажылыкка электрондук каттоо 16-декабрда башталды

Ажылыкка электрондук каттоо 16-декабрда башталды. Ал 30-декабрга чейин уланаарын Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, талапкерлер облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда каттоодон өтүшөт. Катталуучулар банкка 500 доллар төлөшү керек, анын 700 сому кайтарылбайт. Талапкерлер кезекке турат жана ага ылайык, ажылыкка сапар алышат. 

Зыярат кылууну каалагандарды каттоо ID паспорту менен электрондук түрдө жүрөт жана талапкерден 14 документ талап кылынат. Алар жашаган жеринде 2019-жылдын 1-августуна чейин каттоого алынышы керек. Жалпы жарандык паспорту 2021-жылдын 31-январына чейин жарактуу болушу шарт. Аялдар үчүн аны коштоп жүрүүчү жакын тууганы болушу зарыл. 3х4 көлөмүндөгү 4 даана түстүү сүрөт керектелет. Ошондой эле, саламаттыгы тууралуу маалым кат алуу жетиштүү.