Жаңылыктар
Ислам өнүктүрүү банкы кандай негизги долбоорлорго колдоо көрсөтөт?
Экономика
Ислам өнүктүрүү банкы кандай негизги долбоорлорго колдоо көрсөтөт?

Президент Сооронбай Жээнбеков Сауд Арабиясынын Королдугуна расмий сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Бандар Хаджар менен жолугушту. Эки тараптуу экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги талкууланды. Мамлекет башчысы транспорт, калкты таза суу менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо тармактарындагы долбоорлорду ишке ашырууда көмөктөшүү үчүн ыраазычылык билдирди. Ислам Өнүктүрүү Банкы жана Кыргызстандын ортосундагы Стратегиялык өнөктөштүк боюнча документтин долбоорун иштеп чыгууну сунуштады. 

Президент Сооронбай Жээнбеков банктын көңүлүн региондорду өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттын алкагында инфраструктуралык долбоорлорго, өзгөчө таза суу, сугат системаларын куруу, транспорт жана энергетика долбоорлоруна бурду. Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Кыргызстандын Президентинин Сауд Арабиясына расмий сапары кызматташууга жаңы дем берерин жана жакшы натыйжалар болоруна ишенимин билдирди. Ал Сауд Арабиясы Ислам өнүктүрүү банкы капиталдын эң көп пайызына ээ экенин белгиледи. Банктын Кыргызстан менен мамилелери дайыма оң мүнөздө болгонуна өзгөчө токтолуп, бул мамилелерди өркүндөтүүгө даярдыгын билдирди. Бандар Хаджар учурда бир катар биргелешкен долбоорлор кароодо турганын, аларды ишке ашыруу кыргыз тарап менен талкууланарын айтты.