Жаңылыктар
УКМК: “Азаттыктын” эки кабарчысы көрсөтмө берүү үчүн келиши керек
Кыргызстан жаңылыктары
 УКМК: “Азаттыктын” эки кабарчысы көрсөтмө берүү үчүн келиши керек

“Азаттык” радиосунун эки кабарчысы УКМКга көрсөтмө берүү үчүн келиши керек. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди. Белгилей кетсек, буга чейин күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондуктан, скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин айтышкан. Бирок, Кыргызстандын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш тартибинде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү мыйзамга туура келбейт.

Быйыл ноябрь айында “Азаттык” радиосу, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору” (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү “Kloop” маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн “Кыргызстандан чыгарылган миллиондор” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда Стамбулда киши колдуу болгон Айеркен Саймаити негизги фигурант катары аталган. Анын алкагында “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында тергөө иштерин улантууда.

Бул факты боюнча Айеркен Саймаитиге карата болгон коркутуулар тууралуу маалыматтарды толук кандуу жана объективдүү жүргүзүү максатында, бардык жагдайларды аныктоого багытталган тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Мындан улам, “Азаттык” радиосунун материалдарынын негизинде көрсөтмө берүү үчүн иликтөөдө аты аталган кылмыш ишине тишелүү бардык адамдар суракка чакыртылууда.

Суракка ЖМК өкүлдөрү, мамлекеттик чек ара кызматынын 2018-жылы “Манас" аэропортунун көзөмөлдөө пунктунда иштеген, мурдагы офицерлер Айбек Камчыбеков жана Марлис Осмонбековдор чакыртылат. Белгилей кетсек, буга чейин күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондуктан, скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин айтышкан. Бирок, өлкө сыртында жүргөн адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш тартибинде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине дал келбейт деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Жогоруда айтылгандай, дистанциялык суракка алуу Кыргызстандын аймагында гана жүргүзүүгө мүмкүн. Ошол себептен УКМК журналисттерди мекенине келип суракка катышуусун талап кылууда. УКМК ошондой эле алар Кыргызстанга келсе өздөрүнүн жана жакындарынын коопсуздугуна кепилдик берилерин кабарлады. Мекеме журналисттик иликтөөнүн материалдарынын көчүрмөлөрүн “Азаттык” радиосунан алганын ырастады. Алар тергөөнүн материалдарына тиркелгенин билдирди. Тергөөнүн жүрүшү коомчулукка маалымдалып турмакчы.