Жаңылыктар
Кайчылаш жылда боло турган саамалыктар кайсылар?
Экономика
Кайчылаш жылда боло турган саамалыктар кайсылар?

Кыргызстан менен Россиянын кызматташуу жылына арналган иш-чаралардын планы даяр. Эми аны эки тараптын уюштуруу комитетинин башчылары ырастап бекитет. Кыргызстандыктар 50гө жакын иш-чараны сунуштады, ал эми Россия Федерациясы 150дөй түрдүү багыттагы программаларды өткөрүүнү болжолдоодо.

Кайчылаш жылды өткөрүү боюнча макулдашуу процесси дээрлик жыйынтыкталып, болжолдуу планга 96 иш-чара киргизилди. Алдыда документке кол коюу жана даярдык иштери гана калды.

Мааниси терең ири иш-чара Москва шаарынын чоң театрында өтөт. Ал эми жабылышы эки өлкөнүн башчыларынын катышуусунда борбор калаабыз Бишкекте өткөрүлө турган болду. Күндүн так датасы өлкө лидерлеринин иш тартибине жараша аныкталат.

Тарыхый бул окуя - эки мамлекет үчүн жаңы кадам дейт, жаңы эле Орусиядан келген Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов. Ал кайчылаш жылдын эки мамлекеттин мамилесинин мындан да бекемделишине жана алаканын артышына зор өбөлгө болорун айтат.

Кызматташтыкты арттырып, достук алаканы бекемдөө максатындагы кайчылаш жылында тажрыйба алмашууга, кесипкөйлүктү жогорулатууга жана жалпы эле эки элдин маданиятын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалат. Ал эми элдерибиз сүрөтчүлөрдүн, актёрлордун, жалпы эле искусство адамдарынын таланттарына күбө боло алышат.