Жаңылыктар
“Кара сөздүн зергери” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү болду
Маданият
“Кара сөздүн зергери” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү болду

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Өскөн Даникеевдин “Кара сөздүн зергери” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү болду. Иш-чара жазуучунун 85 жылдыгына арналып, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өттү. 

Ага жазуучунун замандаштары, мамлекеттик кызматкерлер жана жаш калемгерлер катышты. Саамалыктын жүрүшүндө жазуучунун адабияттагы зор эмгектери жана анын чыгармаларынын өзгөчөлүктөрү тууралуу пикирлер айтылды. Анын калеминен “Мурас”, “Арман” жана “Көз ирмемдеги өмүр” сыяктуу чыгармалар жыйнагы жарык көргөн. Өскөн Даникеев 1934-жылдын 1-декабрында Чүй облусунун Сокулук районундагы Чоң-Жар айылында туулган.