Жаңылыктар
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрү жарыктандырылды
Кыргызстан жаңылыктары
Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрү жарыктандырылды

Ноокат шаарынын борбордук көчөлөрү 80 пайызга жарыктандырылды. Бул үчүн жергиликтүү бюджеттен 4 млн сом каражат жумшалган. Өткөн жылы калаадагы негизги көчө бойлорун жарыктандырууга жалпы 8 млн сом керектелген. 

Натыйжада, 15 чакырымга электр жарыгын үнөмдөөчү электр лампалары орнотулду. Түнкү жарыктандыруу аракеттеринин алкагында эскилиги жеткен электр мамылары да жаңысына алмаштырылды. Мындай аракеттер жол коопсуздугун камсыздап, уурулуктун алдын алууга шарт түзөт.