Жаңылыктар
Мамлекеттик ипотекалык компания жарандардын үй алуу маселесин жеңилдетти
Экономика
Мамлекеттик ипотекалык компания жарандардын үй алуу маселесин жеңилдетти

Мамлекеттик ипотекалык компания иштеп баштагандан бери 16 миң 500 адам үй менен камсыз болгон. Дагы 4 миңден ашык адам ипотекалык насыя алуу үчүн кезекте турат. Учурда Бишкек менен Нарын шаарында көп кабаттуу эки турак үй бүтүп, ушул жылдын декабрь айынын аягында пайдаланууга берилгени турат.  

"Мамлекеттик ипотекалык компания" Ачык Акционердик Коомунун маалыматында,  турак үйлөр биринчи кезекте билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык жана маданият тармагында иштеген жарандарга берилет. Ипотекага үй алуучу адам тууралуу толук маалымат жана тизмеси жергиликтүү администрацияга берилет. 

Белгилей кетсек, "Ижара менен сатып алуу" жолу аркылуу берилүүчү үйлөр 6% менен 15 жылдык мөөнөткө берилет. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"