Жаңылыктар
Кыргызстан туризмди жетиштүү деңгээлде жарнама кыла албай келет
Туризм
Кыргызстан туризмди жетиштүү деңгээлде жарнама кыла албай келет

 Кыргызстан Россиялык туристтерди тартууга ашыгып жатат. Бул жылы белгилүү жагдайдан улам орус жарандарына Египет менен Түркияга чектөөлөр киргизилген. Каатчылыктан улам элдин капчыгы дагы жукарган. Москвадагы мекендештерибиз мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай орус жарандарынын бир бөлүгүн Кыргызстанга жөнөтүүгө аракет кылууда. Бирок алар бир катар кыйынчылыктарга кабылган. 

Тейлөө пакетине жол кире, жатакана, тамак-аш жана кооз жерлерди кыдыруу кирет. Өлкөдө 100 жакын туристтик компания иштесе, анын 10 чактысында бирдиктүү пакет бар. Кыргызстанда туристтерди тартуу менен алектенген ишкерлер дагы кемчиликтер арбын деп билдирди.
 

Ысык-Көлдө туристтик сезон 2 же 2 жарым айга чейин созулат. Адистер жай мезгили узак өлкөлөргө теңелип, бааны кескин төмөндөтүү кыйынга турат деп билдирет. Ошондо Ысык-Көлдө эс алууну көздөгөн орус жараны бир топ каражат сарптоого туура келет.
 Ал эми Москвадагы ишкерлер социалдык түйүндөрдө “Кыргызстанга конок чакыр” атуу акция баштаган. Алар кандай жол менен болсо да туристтерди кызыктыруу аракетинде.
Өлкөдөгү туришканалар бирдиктүү пакет иштеп чыкса туристтерди тартууга жеңилдик жаралмак. Андан тышкары, Кыргызстан Россияга эс алуу түрлөрүн жетиштүү деңгээлде жарнама кыла электиги айтылып келет.