Жаңылыктар
ЕАЭБ: келечектүү багыттар
Экономика
ЕАЭБ: келечектүү багыттар

Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда товар айлантуу, кызмат көрсөтүү жана экономикалык тармакта макулдашылган бирдиктүү саясат жүргүзүүнү камсыздоо боюнча жыйын болуп өттү. Ага Мамлекеттик думанын депутаттары, элчилер, Евразия экономикалык комиссиянын министрлери жана эксперттер катышты. Анда Биримдиктин ичиндеги жетишкендиктер менен кемчиликтер да айтылды.

"Евразия айдыңындагы интеграция. Келечектүү багыттар”аттуу тегерек үстөлдү Кыргызстандын Россиядагы элчилиги, Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети менен биргеликте уюштурган.

Жыйын ЕАЭБдин 20-декабрда Санкт-Петербург шаарында өтө турган саммитин утурлай болду. Биримдик 5 жылдык мааракесин белгилеп жатат. Ушул убакыт аралыгында кандай жумушутар аткарылды да, кандай иштерди аткаруу керек? Бул соболдун алкагында – бирдиктүү соода, эмгек, кызмат жана финансы базарын тоскоолдуктарсыз, чектөөлөрсүз түзүү кандай ишке ашып жатат. 

Өткөн 5 жыл аралыгында биримдикке кирген өлкөлөр башынан көп нерсени өткөрдү. Айрым бир тоскоолдуктар жана өкмөттөрдүн өз көмөчүнө күл тартуусу интеграцияга болгон арышты жайлатпай койгон жок. Бул арада, талдоочулар кемчиликтерге караганда, ийгиликтер көбүрөк экенин белгилейт.

Тегерек үстөлдүн модератору Вячеслав Никонов, айрым бир батыш өлкөлөрү менен алардын союздаштары, ЕАЭБдин жетишкендиктерин жокко чыгаруу үчүн, болгон аракетин жумшап жатканын айтат.

Жыйындын катышуучулары, экономикалык интеграция маданий-гуманитардык тармак менен кошо, эриш-аркак өнүгүүсү керек экенин бир ооздон белгиледи.

200 миллион калктуу базардын потенциалы албетте жогору. Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланууга бир эле биримдиктеги өлкөлөр эмес, башка өнөктөш мамлекеттер да кызыкдар. Өзбекстан, учурда итеграциялык биримдикке кирүүнүн оң терс жагын иликтеп жаткан мезгил. Ал эми Сингапур, Иран жана Сербия эркин соода жүгүртүү боюнча келишимге кол койду. ЕАЭБдин “Бир алкак-бир жол” долбоору менен да биригүү жолуна түшөрү күтүлүүдө. Тегерек үстөлдүн катышуучулары, бүгүнкү күнү аткарылып жаткан иштер – эртеңки келечектеги бир чоң үйдүн пайдубалын куруп жатат деп ишенет. Дал ошол бирдиктүү үйдө, бүтүн өлкөлөр жана анын коноктору үчүн, бардык жагынан ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.