Жаңылыктар
Өндүрүүчүлөр колдоого муктаж
Экономика
Өндүрүүчүлөр колдоого муктаж

Республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн насыялоонун суммасын жана ага карата жеткиликтүүлүктү жогорулатуу маселесин Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Айыл-банктын төрайымы Бактыгүл Жээнбаева менен талкуулады. Жээнбеков фермерлер жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчүлөр үчүн кредиттик ресурстарды алуу шарттарын жеңилдетүү, насыялоо суммасын жогорулатуу боюнча ишти улантуу зарылдыгын белгиледи. 

«Айыл чарбасын ырааттуу өнүктүрүү үчүн насыялар төмөнкү үстөк менен жана узак мөөнөткө берилиши кажет. Ошондо гана фермерлер тийиштүү техниканы жана жабдууларды ала алат. Бул жеке чарбасын кеңейтүү үчүн бардык мүмкүндүктөргө ээ болгон атамекендик дыйкандар үчүн ЕАЭБ рыногуна чыгууда чоң көмөк болот», - деди Өкмөт жетекчи. 

Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында, «Айылбанктын» кредиттик портфели 11 млрд сомду түзөт. Үстүбүздөгү жылдан тарта өлкөнүн агрардык тармагын өнүктүрүүгө жана ага колдоо көрсөтүүгө 4 млрд сом кредит берилген, жыл соңуна чейин дагы 4 млрд сом берилет. Премьер-министр келечекте банктын агрардык тармакты өнүктүрүү үчүн кредиттик портфели 20 млрд сомго чейин жогорулатылышы керек экенин белгиледи.