Жаңылыктар
“Эмгек мигранттары: кечээ, бүгүн жана эртең” аталган эл аралык форум өттү
Мекендештер
“Эмгек мигранттары: кечээ, бүгүн жана эртең” аталган эл аралык форум өттү

Ошто “Эмгек мигранттары: кечээ, бүгүн жана эртен” аталышында эл аралык форум өттү. Анын алкагында, биринчи жолу эл аралык ири вакансиялар жарманкеси уюшулду. Соңунда мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматтык-консультациялык борбору менен 5 өлкөнүн иш берүүчүлөрү ортосунда келишимге кол коюлду.

Ош шаарында биринчи жолу эл аралык ири вакансиялар жарманкеси өттү. Анда 3 миңдей жумуш оруну 15тей өлкөдөгү иш берүүчүлөр тарабынан сунушталды. Уюштуруучулардын айтымында, саамалыктын Ошто белгилениши жөн жерден эмес, чет жактардагы болжолдуу 800 миңдей мекендешибиздин 80 пайызын Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан барган жарандар түзөт. Кыялдарды орундатууда, көп тил билүү эле жетишсиз. Ишенимдүү компания табуу, ошол мамлекеттин мыйзамдары менен таанышуу сыяктуу маанилүү зарылдыктар бар. Укуктук сабаттуулукту жоюу - ар кандай тобокелчиликтердин алдын-алууга өбөлгө болот. Талдоочулардын пикиринде, кулчулук, адам сатуу боюнча жылына ондогон кылмыш иши козголот.

Мекендештерибиздин дал ушул укук-милдеттери “Эмгек мигранттары: кечээ, бүгүн жана эртең” аталышындагы эл аралык форумда кеңири талкууланды. Миграция кызматынын маалыматында, өлкөбүз ЕАЭБке кошулгандан тартып, мигранттардын сабаттуулугу жогорулаган. Натыйжада, кара жумуштан жетекчилик кызматка чейин көтөрүлгөндөрдүн саны өсүүдө.

Эл аралык форумда, миграция маселелери, адам укуктары, балдарды коргоо боюнча баяндамалар окулду. Соңунда, Миграция кызматынын алдындагы маалыматтык-консультациялык борбору менен Орусия, Түркия, Корея жана Болгария мамлекеттеринен келген иш берүүчүлөр ортосунда атайын келишимге кол коюлду.

Ал эми, мигрант ата-энелердин балдарынын укуктары ал өзүнчө маселе. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн берген маалыматында, учурда Кыргызстандык 100 миң баланын ата-энеси чет өлкөдө жашаары аныкталган.