Жаңылыктар
Кыргызстан - Сауд Арабиясы: тараптар экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар
Экономика
Кыргызстан - Сауд Арабиясы: тараптар экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар

Кыргызстан Сауд Арабиясы менен эң ириде экономикалык кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар. Анын ичинен инвестиция тартуу, Кыргызстанда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырып, туризм, экологиялык жактан таза азык-түлүк продукцияларын экспорттоо негизги багыттарга кирет. Президент Сооронбай Жээнбековдун бул өлкөгө жасаган расмий иш сапарында экономикалык кызматташтыкты камтыган бир катар документтерге кол коюлуп, анын ичинен Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо боюнча макулдашуу чоң долбоорлордун бири болду.

Башка бардык мамлекеттер менен түзүлүп келе жаткан алака сымал, Сауд Арабиясы менен дагы экономикалык кызматташтыкты арттырып, өлкөгө инвестиция тартуу президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабиясына жасаган иш сапарынын өзөгүн түздү. Падыша Салман Бин Абдулазиз ал Сауд менен президент Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда, тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу ниеттерин билдиришти.

Падыша менен жолугушууда өлкө башчысы эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык алакаларды күчөтүү максатында кыргыз-сауд экономикалык өнүктүрүү фондун түзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Биргелешкен фонд түптөө маселеси президенттин Сауд өнүктүрүү банкынын аткаруучу директору Халид аль Худайри менен болгон жолугушууда да сүйлөшүлдү.