Жаңылыктар
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу
Чек ара
Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал салыштырмалуу туруктуу - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында чыр-чатакты андан ары күчөтпөө максатында мамлекеттик чек аранын такталбаган аймагындагы жарандар тарабынан орнотулган тосмо дубалдарды алуу боюнча иштер башталды. Коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдарынын кызматкерлери чек арага жакын аймактары көзөмөлдөп. Баткен облусунун чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Белгилүү болгондой, 18-декабрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара өкүлчүлүктөрүнүн, облустук администрация жетекчилеринин жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда саат 11.30да тажик тараптан белгисиз адамдар Кыргызстандын жарандарына таш ыргыта башташкан. Аларга жооп кылып Кыргызстандын жарандары Тажикстандын жарандарына тиешелүү эки автоунаанын маңдайкы айнектерин таш менен уруп сындырышкан. 20 мүнөттөн кийин, алдын ала маалымат боюнча тажик тараптан майда калибрлүү куралдан ок чыгарылып, анын натыйжасында ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматкери жаракат алган.

Күндүн экинчи жарымында тараптар Көк-Таш айылынын аймагында жолукту. Ал эми кыргыз тажик чек арасында орун алган айрым турмуштук чыр чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштөө керектиги айтылып, жергиликтүү калкты аралашпоо, окуяны ырбатпоо боюнча Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча макулдашты.
Облус башчылары чек аралаш аймакта абалды турукташтыруу, катталып жаткан чыр чатактарды болтурбоо,чыр чатактардын чыгуу себептерин аныктоо, жоюу боюнча сүйлөшүштү.
Ошондой эле буга чейин да макулдашылгандай,чек арадагы такталбаган аймакта курулуш иштерин жүргүзбөө керектиги белгиленди.