Жаңылыктар
Өлкөдө акы төлөнүүчү жолдун долбоору иштелип чыгууда
Кыргызстан жаңылыктары
Өлкөдө акы төлөнүүчү жолдун долбоору иштелип чыгууда

Транспорт жана жолдор министрлиги акы төлөнүүчү жолдун долбоорун иштеп чыгууда. Анын алкагында, "Бишкек-Ош" жолунун 110-115-чакырымында альтернативалык тоннель куруу каралып жатканын Транспорт министринин орун басары Бакыт Бердалиев билдирди. 

Ал белгилегендей, келечекте салына турган тоннелдин сметалык баасы 230-240 миллион долларды түзөт. Долбоор ишке ашса, тоннелдин узундугу 11 чакырым болуп, ал өзүн 15 жылда актайт дешет адистер. 

Раткан Асанова, "Биринчи радио"