Жаңылыктар
Таланттуу бийчиге таазим
Маданият
Таланттуу бийчиге таазим

 СССРдин эл артисти, Кыргызстандын биринчи балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева кечээ 90 жашка чыкмак. Балеринанын туулган күнүнө карата Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын жалпы жамааты анын эстелигине гүл чамбар койду. Бүбүсара Бейшеналиева - атактуу балерина, кыргыз хореографиясын негиздөөчүлөрдүн бири. Ал бий өнөрүндө көптөгөн образдарды жараткан. Даражалуу сыйлыктардын ээси 1926-жылы 17-майда Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жарык дүйнөгө келген. Туулган күнүнүн урматына өзүнүн туулган айылында дагы атайын иш-чаралар өткөрүлдү. 

Атактуу балеринанын туулган күнүнүн урматына анын кичи мекени - Воронцовка айылында эстелик орнотулду. Саамалыкка биринчи айым Раиса Атамбаева, экс-президент Роза Отунбаева, партия лидерлери, бир катар эл өкүлдөрү менен коомдук жана маданият ишмерлери катышты. Чогулгандар Бүбүсара Бейшеналиева - кыргыз балетинин чыныгы жылдызы болгонун, ал сейрек кездешкен талант экенин кайталашты. Көзү тирүү болгондо Бүбүсара Бейшеналиева быйыл 90 жашка чыкмак. Белгилей кетсек, балеринага арналган дагы бир эстелик борбордогу опера жана балет театрынын жанында орун алган. Кыргыз мамлекеттик искусство институту да Бүбүсара Бейшеналиванын наамында.