Жаңылыктар
Коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги боюнча тынчтык митинги өттү
Саясат
Коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги боюнча тынчтык митинги өттү

18-декабрда Бишкекте "Ала-Тоо" аянтында коррупцияга каршы жана сөз эркиндиги боюнча тынчтык митинги өттү. Чогулгандар жалпыга маалымдоо каражаттарында коррупция жана өлкөдөн чыгарылган жүздөгөн миллион доллар акча боюнча жарыяланган материалдардын негизинде чара көрүүнү талап кылышты. Деген менен, Кыргызстан басма сөз эркиндиги боюнча дүйнөдөгү 180 өлкөнүн ичинен 83-орунду ээледи. Өткөн жылы 98-орунда болчу. Бул тууралуу «Чек арасыз кабарчылар» аттуу эл аралык уюмдун рейтингинде көрсөтүлгөн. 

Жергиликтүү медиа эксперттер бул эл аралык изилдөөлөр Кыргызстанда сөз эркиндиги үчүн бардык шарттар түзүлгөнүнөн кабар берерин айтышууда. Иликтөөдө Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда оң жагына өзгөрүүлөр байкалганы белгиленген. Ошондой эле серепчилер Кыргызстандагы демократия жана басма сөз эркиндигинин деңгээли жыл сайын жакшырууда жана маалымат каражаттарына чектөөлөр деле жок. Андыктан өлкөдө башкаларга салыштырмалуу сөз эркиндиги орногонун айтышууда. 

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"