Жаңылыктар
Адам сатуу же кулчулук боюнча быйыл жалпы 21 факты катталды
Кылмыш
Адам сатуу же кулчулук боюнча быйыл жалпы 21 факты катталды

Өлкөдө адам сатуу же кулчулук боюнча быйыл жалпы 21 факты катталды. Арасында кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар бар, бирок басымдуу бөлүгү далил жоктугуна байланыштуу токтотулган. Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматынан билдиришкендей, кылмыш иштери жабырлануучулардын арыз жазбагандыгы ачык байкалууда. 

Айрыча сексуалдык кулчулукка кабылган кыз-келиндер коомчулуктун көз карашынан айбыгып, кордолгон фактыны жашырып коюуда. Бирок жаңы төрөлгөн балдарды сатуу боюнча өткөн жылы 8 факты аныкталып, азырынча мындай коомго терс көрүнүштөр боюнча маалыматтар түшө элек. Эксперттердин айтууларында, эмгек, же сексуалдык кулчулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Башкы себеби өз укугун билбегендик,- деп айтышат алар. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"