Жаңылыктар
18-декабрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни кабыл алынган күн
Маданият
18-декабрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни кабыл алынган күн

1992-жылы 18-декабрда Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңеши Мамлекеттик гимнди токтом менен бекиткен. Гимндин сөзү Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдин калемине таандык, музыкасын Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. 

Гимн- бул мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Ошондуктан гимндин тексти жана музыкалык ыргагы башка ырлардан өзгөчө айырмаланып турат. Мисалы, туулган жер, ата-эне, мекен, сүйүү ырлар бир маани боюнча аяктаса, гимндин текстинде Ата Мекен,  эл, эмгек, билим, өнүгүү сыяктуу ураан-чакырык бар.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"