Жаңылыктар
2021-жылдан баштап Ысык-Көл айланма жолун куруу максатка коюлду
Экономика
2021-жылдан баштап Ысык-Көл айланма жолун куруу максатка коюлду

Аны реконструкциялоо долбоору боюнча насыялык макулдашууга президент Сооронбай Жээнбековдун Сауд Арабия Падышалыгына болгон расмий визитинин алкагында жетишилди. 5 фонддон турган араб координациялык тобу тарабынан 35 миллион доллар өлчөмдө каржылана турган долбоорду 3 жылдык кепилдик мөөнөтү менен бүткөрүү пландалган. 

Эми макулдашуунун негизинде мамлекеттин ички ратификациялоо иштери башталарын Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ысык-Көл айланма жолу 80 чакырымды түзүп, анда 4 тилкелүү жол, тротуар, аялдама, суу өткөрүү түтүктөрүн куруу каралган. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"

Ысык-Көл айланма жолун куруу тууралуу "Күндүн темасы" уктуруусунда да сөз болгон.