Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу - деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматы. Укук коргоо органдары коомдук тартипти камсыздап, чектеш аймактарда кайгуул жүргүзүшүүдө.
Баткен облусундагы чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат кылуусун улантууда. Тажикстан менен чек ара өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат.