Ат-Башыда соода логистикалык борбор курулат. Бул борбор келечекте 10 миңден ашык жергиликтүү калкты иш менен камсыз кылат. Долбоорду ишке ашыруу аракеттери 2008-жылы башталып, 2017-жылы Кыргыз Өкмөтү 200га жер аянтын бөлүп берген.
Уктурууга долбоордун инвестору Эмилбек Абдыкадыров, Өнөр жайчылар бирлигинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев жана Нарын ЭЭАнын жетекчиси Гүлзат Абдрасулова катышты.