Жаңылыктар
Орусиядан Кыргызстанга 150 миң рублга чейин акча которууга уруксат берилди
Мекендештер
Орусиядан Кыргызстанга 150 миң рублга чейин акча которууга уруксат берилди

Мындан ары Орусиядан Кыргызстанга 150 миң рублга чейин акча которууга уруксат берилди. Акча которуудагы чектөөгө байланышкан маселе Өкмөттүн демилгеси менен ушул жылдын октябрь айынын аягында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин алкагында Евразия экономикалык биримдигине мүчө-өлкөлөрдүн Премьер-министрлеринин деңгээлинде каралган. 

Маселенин үстүндө иштөөнүн натыйжасында «Юнистрим» төлөм системасынын Кыргызстанга акча каражаттарын трансчекаралык которуусунун шарттары өзгөртүлдү. Ага ылайык, каражаттын булагын тастыктай турган документтерсиз которуулардын максималдуу суммасы 150 миң рублды түзөт. Буга чейин Орусиядан Кыргызстанга каражат булагын тастыктай турган документсиз 100 миң рубль гана которууга уруксат берилген эле. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бул маселенин көпчүлүк биздин жарандардын кызыкчылыгына таасир этерин эске алганда, дал ушундай маселелер Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин аянтчасында чечилиш керек - деп айткан.