Жаңылыктар
Энергетиктер арасында футбол боюнча таймаш өттү
Спорт
Энергетиктер арасында футбол боюнча таймаш өттү

Ысык-Көл облусунда кыргыз энергетикасынын 85-жылдыгына карата футбол боюнча таймаш өткөрүлдү. Буга жалпы жыйырма алты команда катышып, Ысык-Көл облусунун район, шаарларындагы көпчүлүк мекеме уюмдар катышты. “Чыгышэлектр” ишканасынан билдиришкендей оюн эки күнгө созулуп,биринчи күнүндө кырк жашка чейинкилер арасында түзүлгөн командалар, экинчи күнүндө кырк жашка чейинкилер ат салышты. Уюштуруучулардын айтымында, мини-футбол боюнча турнир элди спортко тартуу жана сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу максатында өткөрүлүүдө. Турнирдин жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө “Чыгышэлектр” ишканасынын баалуу белектери жана кубогу тапшырылды.

"Бул турнир энергетика тармагынын 85-жылдыгына карата өткөрүлүп жатат. Турнир эки муундун арасында өтүп, биринчиси жаштар арасында жана экинчиси кырк жаштан өйдөкүлөр катышып жатат. Негизи элди сергек жашоого үндөө жана спортко элди тартуу максатын көздөп жатабыз",- деди “Чыгышэлектр” ишанасынын башкы директору Алмазбек Маамытов.