Жаңылыктар
Centerra Gold Inc: кеңеште жаңы курам
Саясат
 Centerra Gold Inc: кеңеште жаңы курам

 Торонтодо канадалык Centerra Gold Inc компаниясынын акционерлеринин жылдык жыйыны жыйынтыкталды. Анда ишкананын өткөн жылдагы аракеттерине баа берилип, бекитилди жана 11 адамдан турган директорлор кеңеши кайра шайланды. 

Кыргыз тараптан сунушталган Эдуард Кубатов, Бектур Сагынов, Нурлан Кыштобаев акционерлердин колдоосуна ээ болуп, кеңештин курамына киргизилди. 

Эске салсак, "Кыргызалтын" Centerra Gold Inc компаниясынын ири акционери катары кыргыз тараптын талапкерлеринен башка мурунку мүчөлөргө добуш берүүдөн баш тарткан.

Мындай кырдаалга карабастан Centerraнын башка акционерлери Директорлор кеңешине талапкерлерди бир добуштан колдоп берди.