Жаңылыктар
Үстүбүздөгү жылы өлкөдө калкты тейлөөчү беш борбор ачылды
Аймак
Үстүбүздөгү жылы өлкөдө калкты тейлөөчү беш борбор ачылды

Үстүбүздөгү жылы калкты тейлөөчү беш борбор ачылды. Борборлор Ош жана Баткен шаарларында, Базар-Коргон айылында, Өзгөн районунда, Бишкек шаарында колдонууга берилди. Келерки жылы 10го жакын калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү билдиришти. Андан тышкары, жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилүүдө. Күбөлүктөрдү мурда чет элдик ишканалар даярдап келсе, учурда ата-мекендик басмаканада басылып жатат.

"Күбөлүктөрдү "Инфоком" мамлекеттик ишканасы берет. Төрт күн ичинде жасалып, даяр болгон айдоочулук күбөлүк почта аркылуу төрт күндүн ичинде жеткирилет. Андан тышкары, күбөлүк даяр болгондо документин калтырып кеткен жаранга телефон аркылуу билдирүү жөнөтүлөт. Улуттук айдоочулук күбөлүктөрдүн бланктары мурда 12 евро (980) болсо, бүгүн ал 100,88 сом турат. Эл аралык айдоочулук күбөлүктүн бланктары 7,8 евро турса, бүгүн 52 сом болду. Андан тышкары, техпаспорттордун бланкы 10 евро болсо, учурда анын баасы 192 сомду түзөт",- деди Мамлекеттик "Унаа" ишканасынын директору Алымжан Козубаев.