Жаңылыктар
Акын Сагынбүбү Беркиналиева адабий сынакта жеңишке жетишти
Маданият
Акын Сагынбүбү Беркиналиева адабий сынакта жеңишке жетишти

Жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Сагынбүбү Беркиналиева "Ачык Евразия - 2019" адабий конкурсунда поэзия жанры боюнча 1-орунду ээледи. Евразиянын чыгармачыл инсандарынын башын бириктирген коом. Акын ал жака 2018-жылдын июль айында мүчө болуп, анын арты менен аталган сынакка интернет аркылуу Жозефина псевдоними менен "Асманда бийлеген кыз" аттуу чыгармасын сунуштаган. 

Бирок кандайдыр бир орунга илинип, сыйлык аларын күткөн эмес. Жыйынтыгында, конкурстун тандалып алынган ырлардан турган шорт-баракчасынан "Жозефина, Кыргызстан, 1-орун" дегенди көрүп абдан толкунданганын билдирди. Жалпысынан бул сынакка 48 өлкөнүнүн акындарынан 1000дей чыгарма жиберилген. 

Ошондой эле, акын чыгармачылыгында көбүнесе лирикалык жанрдагы ырларды жаратарын кошумчалады. Эске салсак, 2017-жылы бул эл аралык конкурстун проза жанры боюнча КРдин эл жазуучусу, белгилүү драматург Султан Раев "Топон" романы менен гран-прини багындырган.