Жаңылыктар
Көмөк чордонун курууда талаш жаралды
Экономика
Көмөк чордонун курууда талаш жаралды

Бишкекте «Түндүк электр» ишканасы менен жеке ишкердин бир эле жерге жанаша эки көмөк чордон куруусу талаш жаратууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин көчмө жыйынында белгилүү болду. Жыйында депутаттар  «Түндүк электр»  ишканасы Электросила жеке компаниясынын жерине көмөк чордон курганы жатат-деп компнаиянын ишин сынга алышты. Ал арада «Түндүк электр»  ишканасы  буга жүйөлүү себептерин келтирүүдө.

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети көчмө жыйын өткөрүп,анда бир эле жерге эки көмөк чордондун курулуп жатышы тууралуу маселени талкууланды. Тактап айтканда  Электросила ишканасы куруп жаткан Бишкек подстанциясынын жанына жанаша «Түндүк электр» ишканасы дагы көмөк чордон курууну пландоодо. Жеринде абал менен  алгач комитет таанышып, депутат Кожобек Рыспаев "Түндүк электр" ишканасын "Электросила" жеке компаниясынын жерине көмөк чордон курганы жатканы үчүн сынга алды.

Маалыматка ылайык, жеке ишкер Али Водянов өз убагында тактап айтканда 2007-жылдары Бишкектен жер тилке сатып алган. Көмөк чордон куруу үчүн керектүү жабдууларды сатып алууга 121 миллион сом жумшаган. Ал өз сөзүндө  "Түндүк электр" ишканасы куруп жаткан подстанциясын бишкектин башка жерине курса болмок –деген пикирин билдирип, жанаша көмөк чордондордун аралыгы 4 чакырымдан көп болушу керектигин айтты.  Өз кезегинде Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевдин билдирүүсү боюнча  эки компанияга тең техникалык шартттар буга чейин берилген.

Ал эми "Түндүк электр"ишканасы анын жерине жанаша  көмөк чордон курганы жатканын танбайт. Бирок ошол эле маалда жеке компаниянын ишине дагы каршы эмес.Ишкананын жетекчиси Аскар Эшимбеков өз кезегинде бүткүл дүйнөлүк банк буга 25 млн доллар насыя бөлуп бергенин айтып, бул аймакат жабдуулар 60-70-жылдардан бери эскирип, кардарларды электр энергия менен камсыздоодо көйгөйлөр жаралып жатканын жүйө келтирди. Өз кезегинде депутаттар маселенин юридикалык жагын карап, бир жерге эки көмөк чордон куруу канчалык денгээлде туура –деген маселеге келерки жыйында жооп алышмай болушту.  Ал эми Улуттук Энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев орто мөөнөттүк тарифтик саясаты тууралуу буларга токтолду.

Ошентип, Бишкек подстанциясынын курулушу боюнча талаштуу маселе көптөгөн жылдардан бери уланып келет. Эки ишкананын тең ал жерге көмөк чордон курууга уруксааты жана укугу бар экени белгилүү. Эми маселе депуттатар тарабынан юридикалык тактоолор орун алгандан кийин чечилмей болууда.

М. Абдраманова, “Биринчи радио”