Жаңылыктар
Жыл жыйынтыгы. Спорттогу мыктылар сыйланды
Спорт
Жыл жыйынтыгы. Спорттогу мыктылар сыйланды

Спорттогу мыктылар сыйланды. Жылдын жыйынтыгы менен мыкты спортчулар, машыктыруучулар, спорттун ардагерлерин сыйлоо аземи салатанттуу түрдө Бишкекте өттү. Бишкек шаарынын мэриясы, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жана Улуттук Олимпиада комитетинин өкүлдөрү тарабынан ардак грамота жана ыраазычылык каттар тапшырылды. 2020-жылы Токиодо өтө турган Олимп оюндарына жолдомо утуп алган Айсулуу Тыныбекова, Дарья Маслова жана башкалар сыйланышты. 

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт башкармалыгы спорттун 69 түрүн колдоп келет. Жыл сайын көптөгөн спорттук иш-чаралар өткөрүлүп турат. 

“Албетте, бул сыйлык меники эмес, бул сыйлык “КТРК Спорт” каналынын жалпы жамаатыныкы. Кыргызстанда жана Бишкекте болуп жаткан иш-чараларды түз эфирде, жазып алып, аналитикада чагылдырганга даяр”,- деди “КТРК Спорт” каналынын продюсери Шайырбек Арапов.