Жаңылыктар
Каттоо кызматы быйылкы жылы санариптеширүүгө басым жасады
Кыргызстан жаңылыктары
Каттоо  кызматы быйылкы жылы  санариптеширүүгө басым жасады

Кыргызстанда 600 миңге жакын жаран биометрикалык маалыматтарын тапшыра элек. Алардын көбү чет өлкөдө жүргөн жарандар. Бүгүнкү күндө биометрикалык маалыматтарды тапшырбай туруп паспорт алууга болбойт. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында үстүбүздөгү жылы калкты тейлөөчү 5 борборду ишке киргизди.


Жаңы ачылган борборлор Ош жана Баткен шаарларында, Базар-Коргон айылында, Өзгөн районуну менен Бишкек шаарында колдонууга берилди. Келерки жылы дагы 10го жакын калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда.


Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүгө басым жасалды. Түндүк тутумун ишке киргиздик. Карчек кызматы иштеп жатат. Е кызмат ийгиликтүү ишке берилди. Улуттук үлгүдөгү документтердин сапаты жакшырууда. Биздин паспорт, күбөлүктөр эл аралык стандарттардын талаптарына толук жооп берет.


Ошондой эле жакынкы аралыкта маалыматтарды санарип түргө өткөргөн борбор ачылат. Ал жалгыз гана каттоо кызматынын документтерин электрондук түргө өткөрбөстөн, башка мамлекеттик мекемелердин кагаздарын да санариптештирет. Өз кезегинде бул борбор санарип архивди түзүүнүн башаты болмокчу. Андан тышкары калкты тейлөөчү мобилдүү унаалар ишке киргизилет.



12-декабрдан тарта жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилүүдө. Күбөлүктөрдү мурда чет элдик ишканалар даярдап келсе, учурда ата-мекендик басмаканада басылып жатат.


Аны менен бирге Эл аралык айдоочулук күбөлүктүн бланктары 8 евро турса, бүгүн 52 сом болду. Техпаспорттордун бланкасы 10 евродон 192го сомго түшүрүлдү. Мунун баары документтердин мамлекеттик басмаканада басылып жатышы менен байланыштуу.