Жаңылыктар
Байкоочу кеңеште жаңы жылдык көрсөтүүлөр каралды
УТРК жаңылыктары
Байкоочу кеңеште жаңы жылдык көрсөтүүлөр каралды

Жаңы жылда КТРКдан көрсөтүлүүчү майрамдык берүүлөр аныкталды. Коомдук телерадиокорпорациясынын "Көркөм кеңешинин" 2019-жылдын 27-ноябрында чыгарылган жобосунун негизинде 10 программа тандалып алынды. 

Алар: "Мыскыл жана тамаша", "Кубулжу менин ырларым", "Апалардан ак бата", "Кино-театр kg -2020", "Ретро дискотека"-2020, "Ырдайлы кыргыз ырларын", "Кыз-жигит Сармерден" жана "Сыйкырдуу жаңы жыл-2020" көрсөтүүлөрү. 

Ошондой эле бүгүнкү жыйында Байкоочу кеңештин төрагасы өз ыктыяры менен кеткендигине байланыштуу, убактылуу Нурия Айдабосунова төрайымдын милдетин аткаруучу болуп шайланды.