Жаңылыктар
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын айрымдары мыйзамга баш ийбей жатат
Саясат
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын айрымдары мыйзамга баш ийбей жатат

Айрым мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелерин декларациялоодо мыйзам бузууларга жол берилген. Айрыкча жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын арасында мыйзамга баш ийбөөчүлүк орун алууда. Быйыл жалпысынан 800 дөн ашык мыйзам бузуучулук катталып, анын негизинде  937 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар кандай тартиптик жоопкерчиликке тартылды. Мындан сырткары, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү көптөгөн иш аракеттерде кемчиликтер арбын катталды. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүүдө, ижарага алуу келишимин электрондук форматта түзүү боюнча пилоттук аукциондорду өткөрүүдө, мамлекеттик ишканалардын имараттарды инвентаризациялоодо коррупциялык нормалар аныкталган. 

Мындай маалыматтар 19-декабрда Башкы прокуратуранын жетекчилигинин төрагалыгынын алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Координациялыккеңештин  кезектеги  отурумунда белгилүү болду. 

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"