Жаңылыктар
Түрк Парламенттер Ассамблеясы Баку декларациясын кабыл алды
Саясат
Түрк Парламенттер Ассамблеясы Баку декларациясын кабыл алды

Анда парламенттер аралык кызматташтыкты тереңдетүү менен моделдик мыйзамдарды иштеп чыгуу, маданий баалуулуктарды биргеликте сактоо, парламенттердин аппарат кызматкерлеринин өз ара тажрыйба алмашуусун камсыздоо сыяктуу милдеттемелер бар. Документте уюмга мүчө мамлекеттер ортосунда соода жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү максатында Түрк соода-өнөр жай палатасын түзүү да каралган.

 Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Бакуга болгон иш-сапарынын алкагында Азейрбайжандын президенти жана Азербайжан Улуттук Мажилис төрагасы менен жолугушууларды өткөрүп, парламенттер аралык диалогду бекемдөө жана эки тараптуу кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. 

Рахат Кыдыртоктоева, "Биринчи радио"