Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарына барды.
Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйындарында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. Кыргызстандын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков,
Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов.