Жаңылыктар
Мектептерге кошумча имараттар курулууда
Коррупция
Мектептерге кошумча имараттар курулууда

Коррупцияга каршы күрөштөн “Бирдиктүү депозиттик эсепке” түшкөн каражаттан жалпы 15 мектепке кошумча имараттар курулат. Азыркы учурда анын 9унда курулуш иштери жүрүп жатат. Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин маалыматына караганда, 15 мектептин жалпы бюджети 941 млн. сомду түзөт. 

Азыркы күндө 94 млн. сомго каржылоо ачылып, Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда имараттар курулууда. 3 обьект боюнча подряддык келишимдер түзүлүү алдында турат, ал эми 1 мекеменин сынак табыштамалары 26-декабрда ачылат. Ал эми өлкө аймагы боюнча быйыл жалпы 96 социалдык мекеменин курулушун бүтүрүү пландалган. Анын 28и мектеп болсо, алты саламаттыкты сактоо мекемеси, мындан сырткары маданият, спорт жана турак жай имараттары бар.