Жаңылыктар
Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйыны башталды
Экономика
Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйыны башталды

Санкт-Петербургда ушул саатта Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин кезектеги жыйыны башталып жатат. Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынынын алкагында чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрүнөн сырткары КМШ мамлекет башчыларынын бейформал жолугушуусу өтөт. 

Кыргызстандын делегациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана экономика министри Санжар Муканбетов. 

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн ЕАЭБге кирген мамлекеттердин президенттери Санкт- Петербургдагы аянтчага чогулду. Мамлекет башчыларынын катарында Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков да бар. Жумуш сапары менен келген өлкө башчысын "Пулково" аэропортунан Санкт-Петербург өкмөтү менен Ленинград облусунун жетекчилери тосуп алышты.

Беш жылда Кыргызстандын экономикасы уюм ичинде өнүккөн мамлекеттердин катарын толуктады. Бул жагынан алып караганда биримдиктин ичинде байланыштарды арттырууга Кыргызстандын демилгелери арбын.

Бул жолку жыйында ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн Мамлекет башчылары маанилүү документтин бири 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык биримдикти өнүктүрүү стратегиясын кабыл алганы турат.

Стратегия ЕАЭБдин ичинде өнөр жай, айыл чарба, бажы, мамлекеттик сатып алууларга жеткиликтүүлүк, азык-түлүк коопсуздугу өңдүү ар тараптуу алакаларды кеңейтүүгө багытталган. Жөнөкөй тил менен айтканда биримдик кайда жана кайсы багытта өнүгөөрүн аныктаган көлөмдүү документ.