Жаңылыктар
Чек-арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы туруктуу
Чек ара
Чек-арадагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы туруктуу

Ички иштер министрлигинин жетекчилери Баткендеги кыргыз-тажик чек-арасындагы жаңжалдан жабыркаган кызматкерлердин жана айыл тургундардын абалы менен таанышты. Маалыматка караганда, ИИМдин жетекчилери Көк-Таш айылында жарадар алган кызматкерлердин жана айыл тургундарын абалын билүү үчүн ооруканага барышкан. 

Жараат алгандар Баткен облустук бириккен клиникалык ооруканасына жеткирилип, дарыланып жатат. Дарыгерлер алардын абалын салыштырмалуу канааттандырарлык деп баалашууда. 18-декабрда Көк-Таш айылында кыргыз-тажик чек арасында чыккан чырдан кыргыз тараптан баш-аягы алты адам жараат алган.