Жаңылыктар
Кыргызстандын жасалма паспорттору менен 98 жаран кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын жасалма паспорттору менен 98 жаран кармалды

Үрүмчүдөн Сауд Аравиясынын Джидда шаарына багыт алган Кытайдын 98 жаранынан Кыргызстандын паспортторунун табылышы боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев чукул жыйын өткөрдү. 

Бул фактыны мындан ары иликтөө үчүн дипломатиялык жол менен түрк тараптан паспорттор тууралуу маалымат суроо чечими кабыл алынды. 

Эске салсак, Кыргызстандын жасалма паспорттору менен Сауд Аравияга учууга аракет кылган 98 жаран Стамбулдан кармалды. Кытайда жашаган этникалык уйгурлар Стамбулдун Ататүрк аэропортуна Үрүмчүдөн учуп барган. Алар Кипрга билет алып, 16-майда паспорттук көзөмөл бекетинен көрсөтүп, транзиттик залга өткөн. Ал жерден аларга 4 адамдан турган топ Кыргызстандын жасалма паспортторун тараткан. Бул туурасында түрк массалык маалымат каражаттары жазып чыкты. Хуриет агенттиги тактагандай, кытайдын ар бир жараны паспорт үчүн 2,5 миң евро, авиабилет үчүн 300 доллар төлөгөн. 

Полиция шектелгендерди жана Джиддага учууга камданып жаткан 98 жаранды кармады. Түрк басылмалары белгилегендей, тергөө расмий аяктагандан кийин, кармалгандар мекенине депортация кылынат. Ал эми паспорт тараткан 4 адамдын жарандыгы азырынча тактала элек. Уйгур улутундагы кытай жарандарынын Европага чыгуу үчүн Кыргызстандын паспортун алган фактылар буга чейин дагы катталган болчу.