Жаңылыктар
Санариптештирүү - жарандардын түйшүгүн жеңилдетет
Ден соолук
Санариптештирүү - жарандардын түйшүгүн жеңилдетет

 Өлкөдө ишке ашып жаткан санариптешүү саясаты мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү электрондоштуруп, жарандардын жеңилин жерден, оорун колдон алуу. Бул максатта калкка кызмат көрсөткөн бир нече тармактар санариптешүүнү колго алууда. Маселен саламаттыкты сактоо тармагында, электрондук кезек, теле медицина, оорулардын электрондук баяны иштеп жатат. 

Медицина тармагында заманбап маалымат технологияларын терең колдонуу менен Бишкектин тез жардам системасы автоматташтырылды. Электрондук кезек кызматы аймактарга жайылтылууда. Ооруканалар интернет жана компьтер менен камсыздалууда. Жыл башынан бери миңден ашык дарыгерлер онлайн компьютердик курстардан өтүштү.