Жаңылыктар
Кеңири кулач жайган ЕАЭБ
Экономика
Кеңири кулач жайган ЕАЭБ

 Евразиялык экономикалык биримдикке кирген мамлекеттер жакынкы беш жылда уюм ичинде ар тараптуу байланыштарды ыкчамдатат. Уюмга мүчө мамлекеттердин бул демилгеси 2025-жылга чейин Евразиялык экономикалык биримдикти өнүктүрүү стратегиясына камтылган так максаттар аркылуу жүзөгө ашырылат. 

Санкт-Петербургда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйыны жыйынтыкталды. Анда Президенттер кол койгон дал ушул документ негизгилерден. Дагы бир маанилүү келишимдин бири ЕАЭБ алкагында эмгектенген жарандарды пенсия менен камсыздоо. Эми уюмга кирген мамлекеттерде иштеген жарандарга өз маалында пенсия чегерилет. 

185 миллиондук калкы бар ЕАЭБ жыл өткөн сайын кулачын кеңери жайууда. Уюм түзүлгөнү пайда болгон ички тоскоолдуктар четинен жоюлуп, ал өлкөлөрдүн экспорттук көрсөткүчүн жогорулатууну шарттады. Учурда келечектүү максаттардын бири уюм ичинде узак мөөнөттүү өнүгүү жолуна түшүү. Дал ушул жагдайларды талкулоо максатында Уюмга мүчө мамлекеттердин президенттери Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына чогулду.