Жаңылыктар
"Ак конуш 2020-2025" турак жай программасы
Кыргызстан жаңылыктары
"Ак конуш 2020-2025" турак жай программасы

Келерки беш жылда арзан турак жай менен камсыз болгондордун саны эки эсеге өсөт. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак конуш 2020-2025-жылдарга" арналган программасында камтылган. Ага ылайык алдыдагы беш жылда жеткиликтүү турак жай менен 9 миңден ашуун үй-бүлөнү камсыздоо максаты турат. 

Бул программаны мамлекеттик ипотекалык компания архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттик менен биргеликте ишке ашырууну көздөп жатат. Жетекчиликтин айтымында, калктын турак жайга болгон суроо-талабын канааттандырыш үчүн энергияны үнөмдөөчү технологиялар эске алынган тамдарды куруу зарыл.