Жаңылыктар
Оңдоо иштерине байланыштуу "Ак-Жол" өткөрүү бекети убактылуу жабылат
Чек ара
Оңдоо иштерине байланыштуу "Ак-Жол" өткөрүү бекети убактылуу жабылат

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Чүй облусундагы кыргыз-казак чек арасында ремонттон өтө турган "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пунктунан тышкары дагы беш бекет бар экенин эскертти. 

Ушу тапта "Ак-Тилек", "Токмок", "Кең-Булуң", "Кайыңды" жана "Чалдыбар" бекеттери күнү-түнү иштеп жатат. "Учурда казак тарап менен "Токмок" жана "Кең-Булуң" көзөмөл өткөрүү жайлары аркылуу үчүнчү мамлекеттин жарандарын да өткөрүү маселеси талкууланып жатат", — деп айтылат маалыматта. 

Чек арадагы көзөмөл өткөрүү пункттарынын ишинин өзгөрүшү боюнча бардык маалыматтар кошумча кабарланат. Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол", Казакстан тараптан "Кордай" көзөмөл өткөрүү пункту 2020-жылдын январынан тарта капиталдык оңдоо үчүн жабылат. Андыктан транспорт каражаттары менен кишилердин өтүүсүнө чектөө киргизилет.