Жаңылыктар
Айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүн узартуу каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтүн узартуу каралууда

Өкмөт «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө. Белгилүү болгондой, 2019-жылдын декабрынан тарта өлкөдө жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр бериле баштаган. 

Бүгүнкү күнү 19-жылдын 31-декабрына чейин жарактуулук мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдү туруктууга алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Айдоочулук күбөлүктөрдү берүү штаттык режимде жүрүүдө. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин аймактык түзүмдүк бөлүктөрүнө жеткирүү «Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүүдө.


Өкмөт айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу учурундагы узун кезектерди эске алуу менен, бардык жарандар жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөргө алмаштырып жетишүүсү үчүн «убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартууга ниеттенүүдө. Учурда тиешелүү чечимдин долбоору Өкмөттүн Аппаратында макулдашылып жатат.